super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин бир катар жолдорун оңдоого кытай өкмөтү акча бөлүүдө

 
Бишкек шаарынын бир катар жолдорун оңдоого багытталган мыйзам долбоорун парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети колдоду. Мындай чечим комитеттин 2-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Тагыраак айтканда, борбор шаардын 3 көчөсүнүн жолун оңдоого акча бөлүү тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосунда 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды. Документке ылайык, кытай тарап 52,5 миллион кытай юанын бөлүп, шаардын М.Ганди көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Маевка айылына чейинки бөлүгү), М.Ауэзов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү), Ж.Пудовкин көчөсү (Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү) оңдолгону жатат. Оңдолуучу жолдун жалпы узундугу 7,44 чакырым экени айтылды.  
"Бул долбоор кайтарымсыз гранттык жардамдын эсебинен ишке ашырылат",- деди экономика министри Темир Сариев





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: