super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Мен бизнес-класс менен жүрөм, башка депутаттар эконом-класс менен учушу керек"

 

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутаттар менен министрлердин иш сапарларында учак кызматтарын пайдалануу маселеси көтөрүлдү. Депутат Максат Сабиров депутаттар иш сапарга эконом-класс  менен учса, министрлер бизнес-класс менен учуп жатканын айтып, учакка ким канча каражат сарптаганын териштирип чыгуу керектигин айтты. 

Спикер Асылбек Жээнбеков бул маселе сөзсүз текшериле турганын билдирди.

Эсептөө палатасынын Каржы министрлиги боюнча жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында бул маселе ачык айтылды. Ачык коом деп ушуну айтат, ушинтип түзөлөбүз. Спикерден башка бардык депутаттар элдин акчасын үнөмдөп, иш сапарларга эконом-класс менен учушат. Мага кайсы бир талаптар бар дегендей. Министрлер да, депутаттар да эконом-класс менен учушу керек”,- деди спикер.  

Эскерте кетсек, каржы министри Ольга Лаврова 2013-жылы авиаучуулары үчүн 630 миң сом жумшаганы, муну менен министр 396 миң сомду ашыкча пайдаланганы айтылган. Мындай чыгым министрдин жалаң бизнес-класста учканы менен байланыштуу болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: