super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мамлекеттик карыздын көлөмүн чектен ашырбоо керектигин айтышууда

 

Жогорку Кеңеште 3-декабрда 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоору 2-окууда каралууда. Жыйында депутат Курманбек Дыйканбаев бюджеттин долбоору парламенттин бардык комитеттеринде талкууланып, жыйынтыгында өкмөттөн 1 миллиард 50 миллион сом кошумча каражат суралганын билдирди.

Дыйканбаевдин пикиринде, тармактык комитеттер тарабынан кошумча каражат суралып жатканы менен, алардын киреше булактары так аныкталбай калган.

"Бюджет долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү доллар кунуна карата, тагыраак айтсак, 1 доллар 53,5 сом менен эсептелгендиктен, өкмөт анын азыркы өзгөрүү деңгээлин эске алышы керек. Андан сырткары мамлекеттик карыздардын көлөмүнүн белгиленген чектен ашпоосун көзөмөлгө алуу зарыл. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы кажет",- дейт Дыйканбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: