super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосунда ишкерлер кеңеши түзүлөт

 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2-декабрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасында болду. Муну президенттик аппараттан бүгүн, 3-декабрда кабарлашты. 

Мамлекет башчы Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталарынын кеңешинин президенти Абдурахман аль-Замиль менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуусу боюнча конкреттүү пландарды талкуулады.

Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдеринин жакындыгына, кызматташуу үчүн экономиканын түрдүү тармактарында зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолду. Тактап айтканда, Кыргызстанда өнөктөштөр менен бирдикте ишке ашырылып жаткан транспорттук, энергетикалык жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзгөн долбоорлор тууралуу маалымат берди. 

Жолугушууда Соода-өнөр жай палатасынын бир катар өкүлдөрү түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даярдыгын билдиришти. Мамлекет башчы Кыргызстандын мамлекеттик органдары алардын ишмердигине ар тараптан колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда ишкерлер кеңешин түзүү тууралуу меморандумга кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: