super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы салыктык-бажылык саясаттын негизги багыттары аталды

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 3-декабрда 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоору экинчи окууда каралууда.

Жыйын жүрүшүндө каралган бюджеттик мезгил аралыгында ишке ашырыла турган салыктык жана бажылык саясаттын негизги багыттары аталды. 2015-2017-жылдары бюджеттик-салыктык саясат салык кирешелерин көбөйтүүгө, салыктык жеңилдиктерди ыраатташтырууга, бюджет тартыштыгын азайтууга жана аны турукташтырууга багыттала турганы белгилүү болду. 

Салык саясатынын негизги максаты бизнес чөйрөнү жана инвестициялык абалды жакшыртуу аркылуу өлкө экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берүү экени айтылды.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, 2015-2017-жылдар аралыгында салыктык жана бажылык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр: натыйжалуу жана туруктуу салыктык тутумду түзүү, салыктык жана бажылык башкаруу жүрүмүн жөнөкөйлөштүрүү жана өркүндөтүү, бажылык жана салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, коррупцияга жол ачкан көрүнүштөрдү табуу жана жоюу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: