super.kg logo

Борбордун Биринчи Май районунда Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

 

Бишкекте бүгүн, 3-декабрда - Эл аралык майыптар күнүнө карата "Сейтек" балдар чыгармачылык борборунда Биринчи Май райондук администрациясы райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 630 майыпка атайын иш-чара өткөрдү. 

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, чакырылган конокторго эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт көрсөтүлүп, материалдык жардам берилди. Райондук администрация Интернат-үйүнүн убактылуу жашоочуларына, Республикалык азиздер жана дүлөйлөр мектеп-интернатына, “Оберег” калыбына келтирүү борборуна жана “Үмүт-Надежда” калыбына келтирүү борборуна материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Маалым болгондой, иш-чарага 541 200 сом бөлүнүп, райондук бюджеттин эсебинен каралган болчу. 

Белгилей кетчү жагдай, 26-ноябрдан 26-декабрга чейин Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө арналган бир айлык өткөрүлүүдө. Ошондой эле бүгүн райондун муниципалдык аймактык башкармалыктарында атайын иш-чаралар өткөрүлүп, түшкү тамактар уюштурулуп, белектер таратылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: