Кадамжайдагы мектеп-интернатында Майыптар күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү













2014-жылдын 3-декабрында Дүйнөлүк майыптар күнүнө карата Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү мектеп-интернатында майрамдык иш-чара орун алды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Максат Гапаров
Бул үчүн Кадамжай шаардык кеңешинин депутаты Садыкова Эркайымдын демилгесинин негизинде акча каражаты каралган. Саамалыкта майып балдарга кийим-кече жана майрамдык белектер таратылды.
Белгилей кетсек, Үч-Коргон көмөкчү мектеп-интернатында 141 бала тарбияланса, 58 мугалим жана тарбиячы эмгектенип келет.
Ошондой эле Халмион айыл өкмөтүнүн Айтмат Сабиров мектебине, Кара-Дөбө психикалык жактан жабыр тарткандарды дарылоочу жайга аймактагы демөөрчүлөр тарабынан жардам көрсөтүлдү. Кадамжай району боюнча 2767 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.