super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков эмгек өргүүсүнө чыкты

 

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 1-декабрдан баштап эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтен билдиришти. “Канат Садыков 4 жылдан бери эмгек өргүүсүнө чыга элек болчу. 1-декабрдан тарта министр 1 жылда бир берилчү эмгек өргүүсүнө ылайык эс алууга кетти",- деп билдиришти.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратура 26-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевден, Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу министр Канат Садыковдун жана Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин ээлеген кызматтарына туура келерин кароону өтүнгөн болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: