Темир Сариев: "Кыргызстанда иш жок деген болбогон сөз, иш толтура, болгону иштегибиз келбей жатат"

"Кыргызстанда иш жоктугунан улам бекерчилердин саны өсүүдө деген сөз туура эмес". Мындай пикирди экономика министри Темир Сариев 2-декабрда телеканалдардын бириндеги түз эфирде билдирип, кыргызстандыктарды "жалкоо" деп айыптады. Министр иштейм деген адамга өлкөдө иш толтура экенин айтат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Жумуш жок" деп иштебей жүрөбүз, бирок ошол эле учурда далай ишканалар жумушчу издешүүдө. Бирок биздин жарандар андай ишканаларда иштегиси келбей жатат, дароо эле "мени служба охранага ишке киргизип кой" дешет. Анткени бул иште 1 күн иштеп, 2 күн эс алат экен. Минте берсек, жумушсуздуктун айынан нааразычылыктар күчөй бериши мүмкүн",- дейт Сариев.
Экономика министри Кыргызстанда жакыр жарандардын саны жыл сайын кыскарып жатканын кошумчалайт.
"Кыргызстанга автоунаа алып кирүү жыл сайын өсүүдө, кафе-ресторандарда күндө той, барсаң 5-6 ай алдын ала ээлеп коюшкан. Мунун баары экономикалык көрсөткүч, четке кагууга болбойт. Кыргызстанда күнүмдүк кирешеси 1 доллардан ашпаган, өтө жакыр адамдардын саны аз эле",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-2

