super.kg logo
  Саясат  

Памирлик кыргыздардын 50 пайызы паспорт менен камсыз болгон

 

Памирлик кыргыздардын 50 пайызы паспорт менен камсыз болгон. Муну депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 3-декабрда “Парламент” радиосуна берген маегинде айтты.  

Депутат алар Кыргызстандан азык-түлүк жардамдарынын ордуна курулуш материалдарын берүүнү өтүнүшкөнүн билдирди. "Себеби кокту-колоттордогу бирден-экиден үйлөрдү бириктирип, айыл, медициналык пункт сындуу объекттерди куруу ниеттери бар. Ошол эле маалда Кыргызстанга келүүнү самагандар да бар. Азыркы тапта алардын дагы бир өтүнүчү балдарын Кыргызстандан окутуу болууда. Ал жакта болжол менен 3 – 3,5 миңдей кыргыз калыптыр. Улуу Памир, Кичи Памирдеги боордоштор боюнча конкреттүү маселелерди чече турган мезгил жетти",- дейт Бакиров.

Айта кетсек, өткөн аптада Кыргызстандан памирлик кыргыздарга азык-түлүк жеткирилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: