super.kg logo
  Саясат  

Баткенде бош калган жерлерди Өзбекстан менен Тажикстан басып алып жатканы айтылды

 

"Өзбекстан Сох дарыясын Баткен тарапка буруп салып, Кыргызстандын бошоп калган жерлерин өздөрүнө өткөрүп алууда",- деп билдирди депутат Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында. Депутаттын пикиринде, атайын суу насосторун орнотуп, сууну Баткендин дарыяларына буруу зарыл.

“Өткөн жылы дарыянын суусу биз жакка бурулуп, 300 гектар жер суу астында калган. Быйыл деле ошондой болуп жатат”,- деди Кочкоров. 

Баткен элине Тажикстан тараптан да кысым болуп жатканын айтты ал. “Чек арага жакын жерде Тажикстандын 20 миң жашоочусу бар айыл пайда болду. Бул Баткен шаарынын элинен да көп. Улам жылып отуруп Баткен элин кысып жатышат. Эл аргасыз үйлөрүн сатып кетүүдө. Өкмөттөн бул боюнча иш алып барууну талап кылам”, - деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: