Ош. Мэрия тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам иретинде 20 миң сом берилди





Бүгүн, 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Крупская атындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде окуган окуучуларды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев барып куттуктап, мэриянын атынан 20 миң сом белекке берди. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэр балдарга чың ден соолук каалап, аларды талыкпай окутуп, тарбиялап жаткан мектеп жамаатына ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар Ош шаардык жана Ош облустук ИИБинин жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков 5 миң сом берди. Учурда бул мектепте акыл-эсинде жана сүйлөө кебинде кемчилиги бар 142 бала окуйт. Анда жалпы 40 кызматкер эмгектенет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
faha

03.12.2014. 15:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koburook ele berse bolboybu Suyun baykebiz?
Dolbooruwka

03.12.2014. 16:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Айтмамат байкебиз да озунун чонтогунон берип койсо болмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.