super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт электр энергиясын арзан сатып, кайра кымбат баада сатып алып жатканын депутаттар сындашты

 

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутаттар өкмөт электр энергиясын сыртка арзан баада берип, кайра кымбат баада сатып алып жатканын сындашты. Депутат Кантемир Мурзабеков “2010-жылдан 2012-жылга чейин электр энергиясынын сыртка арзан баада сатылганы боюнча иликтөө жүрүп жатабы?” деп суроо берди. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: 2012-жылы Казакстанга 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясы 2,8 (1 сом 30 тыйын) центтен берилсе, 2013-жылы 4 (1 сом 88 тыйын) центтен берилген. Учурда анализ жүрүп жатат”,- деп жооп берди.    

Мындан кийин депутат: "Силер муну менен мамлекетке 100 миллион сомдук зыян алып келгениңерди билесиңерби? Азыр 5 сомдон сатып алып жатабыз. Силер арзан баада сатып, кайра кымбат сатып алып мамлекетти зыянга учуратып жатасыңар",- деп кошумчалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: