super.kg logo

Жалал-Абад шаарындагы Балдардын психоневрологиялык диспансерине жардам көрсөтүлдү

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында уюштурулуп жаткан бир айлыктын алкагында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Балдардын психоневрологиялык диспансерине жакындан жардам көрсөтүп кайтышты. Бул тууралуу 3-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар өз каражаттарына күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар менен ар кандай шириндиктерди тапшырып, тарбияланып жаткан балдардын маанайын көтөрүштү. Ошондой эле диспансердин алдына бир түп балатыны жакшы тилек-ниетте балдар менен бирге отургузушту. 

“20 миң сом акча топтоп, аталган диспансерге жардам көрсөтүп кайттык. Ушундай атуулдук парзын аткарууну активдүү шаар тургундары да колго алышса дейбиз. Чынында, "өкмөт жасасын" деп кол куушуруп отуруу да туура эмес, биз барган Балдардын психоневрологиялык диспансеринде көйгөйлөр жетишерлик экенине күбө болдук”,- деди Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Сайдилла Чимбердиев.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: