super.kg logo

Ош. Мэрия тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын медициналык кароодон өтүүсү үчүн каражат берилди

 

Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов бүгүн, 3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүн белгилөө иш-чараларынын жүрүшүндө угуусу жана көрүүсү начар жарандар үчүн иш алып барган “Дыйкан” окуу борборунда болду. Вице-мэр аларга акчалай сыйлыктарды тапшырып, бекем ден соолук каалады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал андан тышкары Кирпичный кичи районунда жашаган Таттыгул Куттубековдун (II топтогу майып) жана Гульэра Караеванын (I топтогу майып) абалы менен таанышып, алардын медициналык кароодон өтүүсү үчүн акчалай сыйлык тапшырды.  

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 151 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Ош шаарында болсо социалдык коргоого алынгандардын саны 7445ти түзөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: