super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков Германиянын элчиси менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 3-декабрда Германиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Мария Срэга менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

"Германия Европа биримдигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Бизде Германиянын Бундестагы жана Бундесраты менен жылуу мамиле түзүлдү",- дейт Турсунбеков. Депутат Кыргызстан Улуттук туруктуу өнүгүү стратегияда бекитилген алкакта аракеттенип жатканын, азыр өлкөдөгү коомдук-саясий абал туруктуу экенин билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар 2015-жылга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоолор жаатында пикир алышты. Турсунбеков шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жаатында иш алып барып жатканын белгиледи. "Алдыдагы шайлоолор ачык-айкын жана таза өтүүгө тийиш",- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: