Анарбек Калматов: "Кыргызстанда 4 гана мамлекеттик кызматкер бизнес-класста учууга укуктуу"
Кыргызстанда 4 гана мамлекеттик кызматкер бизнес-класста учууга укуктуу: президент, премьер-министр, парламент спикери жана Жогорку Соттун төрагасы. Муну парламенттин 3-декабрдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов эске салып, башка чиновниктердин бизнес-класста учуусуна 2015-жылдын бюджети аркылуу тыюу салууну сунуштады. "Республикалык бюджетти бекитип жатып "башка мамлекеттик кызматкерлер эконом-класста гана учушу керек" деген пункт киргизип коёлу. Көрүп жатабыз го, иш сапарларга чыкканда депутаттар эконом-класс менен учушат, министрлер бизнес-класста учушат",- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, парламентте бүгүн каржы министри Ольга Лаврованын 2013-жылы бизнес-класстын кызматынан пайдаланып, мамлекетке 400 миң сомдой чыгаша алып келгени көп айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

