super.kg logo
  Саясат  

Кылмыш ишин козгоодон баш тартылганы боюнча арыз ээсине кабар жеткирүү милдети тергөөчүгө жүктөлгөнү жатат

 
Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-декабрда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Жыйында мыйзам долбоору боюнча депутат Галина Скрипкина маалымат берип, долбоордун максаты кылмыш ишин козгоодон баш тартылганы боюнча арыз ээсине маалымат жеткирүү милдетин тергөөчүгө жүктөө экенин айтты. Буга чейин демилгечи депутат Урмат Аманбаева: “Кылмыш кылган адамга кылмыш иши токтотулуп же баш коргоо чарасы өзгөртүлсө, арыз ээсине кабар берилиши керек. Бул мыйзам долбоору ушуга багытталып жатат. Колдонуудагы мыйзамда “кабар берүү” деп гана жазылыптыр. Ошондуктан кылмыш иши токтотулганда токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү арыз ээсине жеткирип бериши керек”,- деп билдирген эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: