super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматовдун Үрүмчүгө учуп барганы айтылууда

 
Ош шаарынын мурунку мэри, жакында издөө жарыяланган Мелис Мырзакматов 19-ноябрда Москва-Үрүмчү авиакаттамы менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун аймагына барган. Муну жеке булактарга таянуу менен 3-декабрда "ВБ" жарыялады. Мырзакматов учурда аталган өлкөдө болушу мүмкүн экени айтылды. Буга чейин өлкөнүн күч органдары Мырзакматовдун 27-сентябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдиришкен эле. 
Айта кетсек, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турганда "кызматтык абалынан пайдаланып “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын жергиликтүү коомчулуктун уставы” мыйзамдарын бузуп, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок аталган көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деп айыпталууда. Мунун кесепетинен мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Ал эми 2014-жылдын 27-ноябрында М.Мырзакматовго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: