super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура депутат Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды

 
Башкы прокуратура депутат Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратууну Жогорку Кеңешке сунуштады. Муну парламенттин 4-декабрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков билдирди. Төрага депутаттын маселесин кароо үчүн бүгүнкү жыйынга башкы прокурор Аида Салянова чакырылганын айтты. Депутаттар башкы прокурордун ишине нааразычылык айтышууда. 
Айта кетсек, Нурлан Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып жүргөнү үчүн айыпталууда. Тактап айтканда, депутатка карата “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын айрым өкүлдөрү депутаттын жасалма диплом менен жүргөнү аныкталганын жакында жарыялашкан эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: