super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы менен жолугушту

 

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия падышалыгынын расмий сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Ахмад Мохамед Али аль-Мадани менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда президенттик аппараттан билдирди.  

Мекке шаарында өткөн жолугушууда Кыргызстандын Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн мындан аркы перспективалары каралды. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун абалын талкуулап, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылчу бир катар жаңы долбоорлорду белгилешти.

Ахмад Мохамед Алмазбек Атамбаевге жакында Кыргызстанга жаңы бирлегешкен стратегиялык долбоорлорду изилдөө үчүн атайын миссия жөнөтөрүн кабарлады.

Атамбаев ИӨБ башчысын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган 5 мобилдүү клиниканы акысыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоор 10 миллион долларга бааланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: