super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары "статусубуз кордолуп жатат" дешти

 
Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында айрым депутаттар өздөрүнүн статусу кордолуп жатканын айтып чыгышты. Депутаттар Башкы прокуратуранын бөлүм башчысынын депутаттардын парламентте сүйлөгөн сөздөрүнө баа берүү үчүн стенограмманы сураганына нааразы. "Башкы прокуратура депутаттын статусу тууралуу мыйзамды билбейби? Парламенттик башкаруу делген өлкөдө бир бөлүм башчы депутаттардын сөзүнүн стенограммасын суратып жатат. Депутаттык статусубузду алардын эсине салып коюшубуз керек экен. Же эмне 1937-жылга кайттыкпы? Эми кантип сүйлөөнү Башкы прокуратурадан сурашыбыз керекпи?"- дешти депутаттар. 
Депутат Бөдөш Мамырова парламентте жабырлануучунун арызын окуп койгону үчүн Башкы прокуратурадан телефон чалуу болгонун билдирип: "Менден сурак алуу үчүн башкы прокурор Аида Салянова өзү келсин же Конституцияны жакшылап окуп чыгышсын",- деди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: