Кубанычбек Турдубаев: “Казакстандан суткасына 5,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы алынууда”
Кыргызстан учурда Казакстандан суткасына 5-5,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоп жатат. Муну парламенттин 4-декабрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирип, импорттун шарттарын атады. “Казакстандан электр энергиясын алуу 1-декабрда таңкы саат 5те башталды. Бир айлык электр кубаты үчүн акчаны алдын ала 100 пайызга төлөп жатабыз, декабрь айында орточо эсеп менен 20 миллион доллар төлөндү. Электр энергиясынын чек арадагы баасы 5 сомдон болууда, кийинки жылдын апрель айына чейин алууну пландап жатабыз. Ай сайын 200 миллион киловатт-сааттан алынып турат”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

