Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жаранга атайын араба белекке берилди



Ош шаардык мэриясы Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата 12 жаранга майыптардын арабасын белек кылды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов катышты. Ал “Келечек” чыгармачылык борборунда “Таланттуу жаштар” деген аталышта өткөн концертте катышкан балдарды куттуктап, шаар бийлигинин атынан майыптардын арабаларын тапшырды. Иш-чарага калаадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жана алардын жакындары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.