super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө газ түтүгүн тартуу планы токтотулганын Темир Сариев да тастыктады

 
Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө газ түтүгүн тартуу долбоору качан ишке ашарына кызыгышты. Экономика министри Темир Сариев мындай план токтотулганын президент Алмазбек Атамбаевге шилтеме берүү менен билдирди. "Президент жакында өзүнүн интервьюсунда бул долбоордон баш тартылганын айтты. Бул кымбат долбоор болуп калат экен. Мунун ордуна башка варианттар сунушталууда, тактап айтканда, Баткенде көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү жана аймактагы жаңы газ корлорун иштетүү жагы каралууда",- деди министр.  
Эскерте кетсек, жакында Алмазбек Атамбаев түштүктө жаңы табылган газ корлору аймакты 5-10 жылга газ менен камсыздай аларын билдирген эле.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: