super.kg logo
  Саясат  

Парламент абага терс таасир этчү каражаттар тууралуу мыйзам долбоорун добуш берүүгө жиберди

 

Жогорку Кеңеште 4-декабрда “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун максаты - эл аралык келишимдер боюнча Кыргызстандын улуттук милдеттенмелерин аткаруунун алкагында атмосфералык абаны коргоо боюнча мамлекеттик саясатты күчөтүү. Долбоор муздаткыч техниканы, кондиционерлерди, өрт өчүрүүчү каражаттарды жана озон бузуучу заттарды камтыган башка продукцияны оңдогон же пайдаланган жана аларды каттоого алууга жана атмосферага терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү болгон жеке жана юридикалык жактардын ишин жөнгө салууга арналат. 

Депутаттар аталган мыйзам долбоорун 2-окуудан добуш берүүгө жиберишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: