Бишкекте аскерлер үчүн көп кабаттуу үй курула баштады











Бүгүн, 4-декабрда Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын аскер кызматчылары үчүн 209 батирлүү 12 кабаттуу жаңы үйдүн пайдубалын курууга капсула салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турак жайдын пайдубалына капсула салуу аземине Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов жана башкалар катышты.
Айта кетсек, турак жайдын курулушун 2017-жылы бүтүрүү пландалууда. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ajar.

04.12.2014. 17:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жаңылык экен, ар бир кыргызстандык үй-жайлуу болушсун...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.