Депутаттар "чыкканына 7 жылдан ашкан унааларды техникалык кароодон өткөрүү азырынча эрте" дешти
Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумунда чыгарылганына 7 жылдан ашкан Кыргызстандагы автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Сайдулла Нышанов бул аракет кайрадан элдин нааразычылыгын жаратарын айтып, сунушка каршы чыкты. “Кыргызстанда автоунаалардын 90 пайызы 7 жылдан ашкан унаалар. Мыйзам ар бирибизге керек, бирок азырынча эртелик кылат. Мүмкүн 5 жылдан кийин колдосок болот. Мисалы, Баткенден же Нарындан келе жаткан автоунаалар ээлерин техникалык кароодон өткөрбөдүң деп токтото берип элди кыйнап жиберебиз”, - деди Нышанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

