super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Иманалы Айдарбековдун өмүр жолу кыргыз мамлекетин түптөө менен тыгыз байланышкан"

 

Бишкекте бүгүн, 4-декабрда коомдук жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага вице-спикер Төрөбай Зулпукаров катышып, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун куттуктоосун окуп берди. Төраганын куттуктоосунда булар айтылат: 

"Урматтуу замандаштар! Кадырлуу меймандар! 

Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык мааракесинин салтанаттуу белгиленип жатышы – мааниси зор окуя. Алгачкы кыргыз мамлекетин түптөөгө түздөн-түз катышкан улуу инсан Иманалы Айдарбековдун эл алдында өтөгөн эмгеги өз баасын алып, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сындуу тарыхый инсандардын катарынан өз ордун тапты.

Иманалы Айдарбеков өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Анын өмүр жолу туңгуч кыргыз мамлекетин түзүү жана түптөө менен тыгыз байланышкан. Ал Революциялык комитеттин төрагасы катары кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушу, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы улуу демилгечилер тобунун алдынкы сабында турган.

Кыргызстандын туңгуч мамлекет башчысы Иманалы Айдарбеков катаал замандын капшабына кабылып, тагдыры канчалык трагедиялуу болсо дагы, анын ысымы улуттук тарыхыбыздын алтын барагында жазылып калды. Быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 23 жылдыгына карата ордо калаанын чок ортосунда жайгашкан Мамлекеттик ишмерлер аллеясындагы алгачкы кыргыз мамлекетин түптөө башатында турган инсандардын катарында айкели орнотулду. Бул Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылындагы мыкты жөрөлгөлөрдүн бири болду.

Иманалы атанын өмүрү – келечек муун үчүн өрнөк. Анын эли үчүн жасаган эбегейсиз эрдиги чыныгы атуулдук ариеттин бийик үлгүсү катары кала берет!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: