super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз делегациясы ислам өлкөлөрүндө тынчтыкты орнотууда ММКнын ролу талкууланган форумга катышууда

 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү маалымат министрлеринин 10-конференциясына катышууда. Бул тууралуу 4-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Ислам өлкөсүндө тынчтык орнотууда медианын салымы" аталышындагы маалымат министрлеринин Ислам конференциясынын сессиясы кечээ Ирандын борбор калаасында башталган.  

Эл аралык форумга Азия жана Африкадагы 22 өлкөдөн өкүлдөр катышып жатат. Кыргыз делегациясынын курамында маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова жана Массалык коммуникация жана маалымат департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева бар.

Конференциянын максаты - өз өлкөсүндө маалыматтык саясатты көзөмөлдөөчү органдардын кызматташтыгын бекемдөө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: