super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев Токмок шаарындагы жаңы заводдун курулушунун башталыш аземине катышты

 
Бүгүн 6-ноябрда КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Токмок шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушунун башталышына капсула коюу аземине катышты. Иш-чаранын ачылышында Тайырбек Сарпашев бул заводдун кыргыз экономикасына тийгизе турган таасири тууралуу оюн айтты. “Бул курулуштун башталышы - Чүй облусу жана Токмок шаарындагы өндүрүш потенциалын жогорулатууга болгон бирден-бир алгылыктуу кадам. Долбоордун кубаттуулугу жылына 500 миң тонна нефтини иштетүүгө ылайыкталган. Бул завод биздин күйүүчү майга болгон көз карандысыздыгыбызды кыскарткандан сырткары жергиликтүү бюджетке 15 миллион сом салык котормокчу жана жаңы 300 жумуш орундарын түзөт. Бул Токмок шаарындагы жумушсуздук маселесин чечүүгө салым кошот”,- деди вице-премьер.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: