super.kg logo
  Саясат  

Тажикстан Баткендеги чатактын 9 миллион сомдук чыгымын төлөп бербей жатыптыр

 

Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында депутаттар Баткенде быйыл 7-майдагы чатакта тажикстандык жарандардан жабыр тарткан кыргыздардын чыгымдары тууралуу маселе көтөрүштү. Депутаттар вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевден “Келтирилген чыгымдар тажик бийлиги тарабынан төлөнүп берилдиби?” деп сурашты.

Маматалиев буга так жооп бериле электигин айтты. Баткендин жергиликтүү бийлигинен сурасак, 1 миллион 200 миң сом төлөп берди деп жатат. Бирок Тажикстан “9 миллион сомдук чыгашанын баарын бердик” деген. Ошондуктан чыгашаны жана канча акча которулуп берилгенин тактап чыгуу үчүн тапшырма берилди”,- деди Маматалиев.

Депутат Улукбек Кочкоров чыгашаны бюджеттин эсебинен бөлүп берүү сунушун киргизди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: