Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол коюлду
Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын элчилигин түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жарлыкка бүгүн, 4-декабрда кол коюлду. Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттары менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:
Абу-Даби шаарында жайгаштыруу менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын элчилиги уюштурулсун.
Кыргызстандын өкмөтүнө:
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

