super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги жолдорду куруу боюнча макулдашуулар 3-окууда кабыл алынды

 
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки көпүрө жана автожолдорду куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Тажикстандын айылдарын айланып өтүү жана Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында Кулунду-Максат унаа жолунда 25,3 миллион сомго эки көпүрөнү куруу каралган. Кулунду-Максат жолунун узундугу эки көпүрөнү куруу менен 1,1 чакырымды түзөт. Гулякандоз каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 18 метрди түзсө, Козу-Баглан дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 36 метр. Тараптар эки мамлекеттин транспорт каражаттарынын жана жарандарынын өтүшүн кандайдыр бир түрдө чектебөөнү, ошондой эле ушул аймакта алардын кыймылын чектеген постторду же башка курулуштарды орнотпоону макулдашышат. 

Андан сырткары депутаттар Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоого байланышкан макулдашууну да 3-окууда кабыл алышты. Маалым болгондой, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана (75-108-чакырым) унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык, жолду оңдоого 23 миллион 760 миң доллар бөлүнүп жатат. Насыя 1,5 пайыздык үстөгү менен 25 жылга берилип жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: