super.kg logo

Ошто жөө жүрүүчүлөр менен айдоочуларды жол эрежелерин сактоо боюнча кабардар кылууга багытталган иш-чара өтөт

 

Ош шаарынын көчөлөрүндө автоунаалардын саны өсүп, айдоочулар да, жөө жүрүүчүлөр да тарабынан жол эрежелерин бузуулар көбөйгөндөн улам ички иштер органдарын реформалоо боюнча программасынын жана «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун колдоосунда жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү кампания өткөрүлүүдө. Иш-чара 2014-жылдын 5-декабрынан 11-декабрына чейин өтөрүн 4-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кампаниянын максаты – жөө жүрүүчүлөр менен айдоочулардын жол эрежелерин сактоо зарылдыгы тууралуу кабардар болушун камсыздоо, Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине жол кыймылын уюштурууга көмөктөшүү, мектеп окуучулары үчүн жол эрежелерин үйрөнүү боюнча кошумча ачык сабактарды өткөрүү, транспорт каражатын токтотуунун жана токтотмо жай эрежелерин сактоо маселесине айдоочулардын көңүлүн буруу.

Мындан тышкары кампаниянын алкагында аудио-визуалдык материалдарды маалымат каражаттарына, коомдук транспорт каражаттарында жана коомдук автоунаалар үчүн аялдамаларда жайгаштыруу каралган. Иш-чаранын аякташы менен жыйынтыгы маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: