super.kg logo

Бишкекте социалдык жарнама жана анын коомчулуктагы орду тууралуу илимий конференция болуп өттү

 
"Мыкты социалдык видеотасманын" жеңүүчүлөрүнүн бирине атайын белекти "Супер-Инфо" гезитинин жарнама бөлүмүнүн кызматкери тапшырды.
"Мыкты социалдык видеотасманын" жеңүүчүлөрүнүн бирине атайын белекти "Супер-Инфо" гезитинин жарнама бөлүмүнүн кызматкери тапшырды.

Бишкекте бүгүн, 4-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Азыркы күндөгү коммуникация системиндеги PR жана коомчулук менен байланыш” деген аталыштагы илимий конференция болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө буга чейин “Эң мыкты видеожарнама”, “Эң мыкты радиожарнама” жана “Эң мыкты басылма жарнамасы” номинациялары боюнча социалдык видеотүрмөктөргө жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Анда мыкты социалдык жарнамалык түрмөктөрдүн ээлери атайын диплом жана чакан сыйлыктар менен сыйланды.

Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты - жарнамалык жана социалдык видеотасмалардын коомчулуктагы ордун жана анын таасирин талкуулоо. Ошондой эле биздин окуу жайдын жарнама жана коом менен байланыш бөлүмдөрүнүн келечектеги адистерин такшалтуу жана коомчулукка тарап жаткан коммерциялык жана социалдык жарнамалардын деңгээлин көтөрүү”,- дейт Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов.

Илимий конференциянын 2-бөлүгүндө окуу жайдын студенттери тарткан социалдык жарнамалар көрсөтүлдү. Иш-чара окуу жайдын студенттери тарабынан даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: