super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча прокуратуранын сунушун кароо артка жылдырылды

 

Парламент депутат Нурлан Төрөбековду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароону кийинки аптага жылдырды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйында спикер Асылбек Жээнбеков  депутаттан кат келгенин айтты. “Нурлан Төрөбеков кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселени кароону кийинки аптага жылдырууну суранып кат жиберди. Азыр ал ооруп жатыптыр”,- деди спикер.

Айта кетсек, Нурлан Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып жүргөнү үчүн айыпталууда. Тактап айтканда, депутатка карата “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын айрым өкүлдөрү депутаттын жасалма диплом менен жүргөнү аныкталганын жакында жарыялашкан эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: