super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Жергиликтүү бийликтин колдоосу жок мамлекет реформаларды ийгиликтүү ишке ашыра албайт"

 

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков 4-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айылдык кеңештердин төрагалары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту. Спикер аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүүдө жана өлкөнүн өнүгүшүнө жардамдашууда жергиликтүү бийликтин мааниси зор экенин белгиледи. “Өлкө жетекчилиги жарандардын, жергиликтүү коомчулуктун колдоосусуз реформаларды жүргүзүүдө ийгиликтүү натыйжаларга жете албайт. Биз бардык чөйрөлөрдө бирдиктүү жана уюшулган иш жүргүзүшүбүз керек”,- деп билдирди.

2015-жылы парламенттик шайлоолорду ачык өткөрүү милдети турганын айткан спикер: “Ачык-айкындуулук камсыздала турган жаңы технологияларды колдонуу менен парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландаштырылып жатат”,- деп кошумчалады.

Өзгөндүк депутаттар социалдык мекемелерди куруу, жер тилкелерин бөлүштүрүү, дыйкандарды айыл чарба техникалары жана жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселелери боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Алар мектептерде китептердин жетишсиздиги менен жеринде чыккан маселелерди чечүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгүн күчөтүү зарылдыгын белгилешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: