super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары менен жолугушту

 

4-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары, БАЭнин президентинин иштери боюнча министр, шейх Мансур бин Заид аль-Нахайян менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган экономикалык кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды. Президенттик аппарат билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында маалымат берди. “Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуунун, биринчи кезекте экономика тармагындагы кызматташуунун жаңы этабына киришүүбүз керек”,- деди мамлекет башчы.

Шейх Мансур бин Заид аль-Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү, ишкерлер чөйрөсү Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыкдар экенин белгиледи. Тактап айтканда, транспорт жана логистика, кайра иштетүү жана айыл чарба өндүрүш тармактарындагы долбоорлорго кызыгуу жаралып жаткандыгын айтты.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы жакында Кыргызстанга барып, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей турганы белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: