super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Майлуу-Суу шаарында турак үйдөн өрт чыкты

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 5-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Майлуу-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Фин тибиндеги турак үйдүн 14 чарчы метр полу, үй эмеректери, төшөнчүлөр толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ичине орнотулган мештин туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Ошондой эле Ноокен районуна караштуу Теңдик айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринин 12 чарчы метр бөлмөсүнүн ичиндеги үй эмеректери, төшөнчүлөр күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: