super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешевдин кылмыш кылгандарды камчы менен жазалоо сунушуна Юстиция министрлиги каршы

 
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн күнөөлүү жарандарды камчы менен жазалоо нормасын киргизүү сунушуна Юстиция министрлиги каршы. Министрлик дене жазасы институтун киргизүү Конституцияга каршы келе турганын 5-декабрда билдирди. 
"Дене жазасы институту кайсы бир формада Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары декларациясына жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактка да карама-каршы келет. Буга байланыштуу тийиштүү нормалардын бузулушуна жол бербөө үчүн Юстиция министрлиги дене жазасы институтун киргизүүнү туура эмес деп эсептейт, анткени мындай жаза анда адамдын кадыр-баркын кордоо болуп саналат",- деп билдирет министрлик. 
Эскерте кетсек, парламенттин өткөн жыйындарынын биринде Бекешев өлкөдөгү түрмөлөр толуп калганына байланыштуу айрым кылмышкерлерге камчы менен жаза берүүнү сунуштап чыккан эле. "Сингапурдун тажрыйбасына көңүл бурсак, ал жерде уурдоо, алдамчылык, бейбаштык үчүн дене жазасы каралган. Мисалы, жол эрежесин бузган адамды 5 жолу камчы менен урушат. Биздин адистер, өкмөт жана парламент бул сунушту карап чыгышы керек",- деген Бекешев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: