super.kg logo
  Саясат  

Быйыл облустук мекемелердин азык-түлүк сатып алуусуна 10 миллион 460 миң сом каралган

 

Кыргызстанда быйыл облустук мекемелердин азык-түлүк сатып алуусуна бюджеттен 10 миллион 460 миң сом каралган. Муну 5-декабрда Каржы министрлиги маалымдады. “Тамак-аш азыктарын сатып алуу” беренеси боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет: 

"Каржы министрлиги мамлекеттик каржыларды тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөөлөрдү каржылайт. Алардын бири - жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелердин дене тарбия жана спорт боюнча иш-чараларына багытталган “тамак-аш азыктарын сатып алуу” беренесин каржылоо. “Кыргызстандын 2014-жылга республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга ылайык, облустук мекемелер боюнча тамак-аш азыктарын сатып алууга бардыгы болуп 10 миллион 460 миң сом каралган. Мунун ичинен дене тарбия жана спорт боюнча иш-чараларга 9 миллион 960 миң сом, ал эми “Ак-Жол” реабилитациялоо борборуна 500 миң сом каралган".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: