super.kg logo
  Саясат  

Түркия 2015-жылы "Кыргызстандагы ден соолук жумалыгы" долбоорун ишке ашырат

 

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Мехмет Муеззиноглу менен жолугушту. Муну аталган министрликтен бүгүн, 5-декабрда кабарлашты. Жолугушууда тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну аныкташканы айтылды: 

Саламаттыкты сактоо системин күчтөнтүү;

Ооруканаларды жана саламаттыкты сактоо маалыматтык башкаруу системин иштеп чыгуу;

Саламаттыкты сактоонун статистикасы;

Эне жана баланы коргоо, алардын өлүмүн кыскартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана башка тармактар. 

Түркия тараптын сунушу менен 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кыргызстандагы ден соолук жумалыгы" долбоору ишке ашырылмакчы. Долбоордун алкагында Кыргызстанга түркиялык медицина адистери келишип, техникалык шарттан улам кыргыз дарыгерлери жардам көрсөтүүдө кыйналып жаткан оорулууларга акысыз жардам беришет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: