super.kg logo
  Саясат  

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев: “Кадр алмаштыруу укугу өзүбүздө болгондо, иштей албаган жетекчинин көзүн чукуп алмакпыз”

 

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев “Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын спортко терс таасири тийип жатат” деп билдирди “Республика” фракциясынын 5-декабрдагы отурумунда. Жыйында спорт тармагын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн пландары угулууда. Осмоналиевдин айтымында, кыргыз спортунун өнүгүшү жыл сайын артка кетип жатат.

“Мен кайсы жерге барбайын, бийлик башчыларына биринчи кезекте спорт көйгөйлөрүн чечип бергиле деп айтып келем. Спортту мурдагы калыпка салуу үчүн кадр маселесин чечиш керек. Татыктуу кадр болмоюнча спорт эч качан алдыга чыкпайт. Бийлик алмашкан сайын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилери да алмашып жатат. Жарым жыл иштетип, алмаштыра бергенде эмне чечилет? Жарым жыл иштегендердин кимиси мелдеште биринчиликке жооп берет? Ошон үчүн бийликтин алмашуусу бизге да терс таасир берип жатат. Жетекчини алмаштырууну биздин эркибизге койсоңуздар жакшы болмок. Биз тандап алып, иштей албаса, өзүбүз көзүн чукуп алмакпыз”,- деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: