super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев милицияга соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө тыюу салды

 

КР ИИМинин башчысы Мелис Турганбаев соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө тыюу салды. Тийиштүү буйрукка министр 4-декабрда кол койгон.

Маалыматка караганда, экономикалык кылмыштарды иликтөө ИИМдин карамагынан чыгарылган. "Жогорку Кеңештин «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ички иштер органдары ишкердик менен алектенген субъекттерге текшерүү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ эмес",- деп айтылат маалыматта. 

Буга байланыштуу ички иштер министри Мелис Турганбаев "Республикадагы укук коргоо органдарына ишкердик субъекттерин текшерүүгө тыюу салуу" жөнүндө буйрукка кол койгон. 

Буга чейин милиция кызматкерлери базарда соода кылгандардын патент жана башка документтерин текшерип келген эле. Буйрукка ылайык милициянын бардык инспекторлору ишкер, соодагерлерден уруксат кагазы, патент, акча каражаты тууралуу дүмүрчөктөрдү сурап, талап кыла алышпайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: