super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасын кайра киргизүүнү четке какты

 
Жогорку Кеңеш өлкөдөгү автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасын кайра иштетүү демилгесин 2-окууда четке какты. Муну мыйзам долбоорунун демилгечиси Курмантай Абдиев SUPER.KG порталына тастыктап, демилгени депутаттардын көбү колдобой койгонун билдирди. "Коопсуздук үчүн заводдон чыгарылганына 7 жылдан ашкан автоунааларды жыл сайын техникалык кароодон өткөрүп турууну демилгеледим эле, бирок өтпөй калды. Демек, бул маселе мурункудай бойдон кала берет",- деди депутат. 
Парламенттин тармактык комитетинин өкүлү: "Жеке жактар автоунааларын техникалык кароодон кааласа өткөрөт, каалабаса өткөрбөйт. Мурункудай бойдон калды. Юридикалык жактардын балансындагы жүргүнчү ташуучу, жүк жана жүргүнчү ташуучу жана оор жүк ташуучу, атайын жана кооптуу жүктөрдү ташуучу автоунаалар техникалык кароодон өтүп турууга милдеттүү",- деп билдирди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: