Ысык-Көлдө балык уулаганга кеткендердин дайыны дале белгисиз болууда



Ысык-Көл
районунда 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында балык уулаганга чыгып кетишкен
эки адамдын тирүү же каза болгондору белгисиз бойдон калууда. Аларды издөө иштери
29-ноябрдан бери кызуу жүрүүдө. Кечээ аба ырайы суук, туман каптагандыгына
байланыштуу издөө иштери токтотулган болчу. Ал эми бүгүн аларды издөө иштери кайрадан
улантылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG
порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Интернеттен алынды
“Дайынсыз болуп жаткан Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган тургуну Эмил Ашыровду жана 1967-жылы туулган Ишен Алмабековду издөөгө 60ка жакын киши тартылган. Алардын ичинде эки жарандын туугандары, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана ӨКМнын кызматкерлери да бар”,- дейт А.Бекилов.
Эске салсак, изделип жаткан эки жаран 29-ноябрь күнү балык уулаганга кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Ariet7

05.12.2014. 23:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии кудай аман эсен эле болушса экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.