super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: “Маселени жол тосуу, инвесторду коркутуу менен чечүү – элдин укуктук жактан сабатсыздыгы”

 

Бишкекте бүгүн, 5-декабрда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган тегерек стол өттү.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жарандык коом менен алака түзүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү үчүн экологияга тийиштүү 20 мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталууда. “Акыркы окуялар экономикалык, саясий, жаратылышты коргоо маселелери бири-бири менен тыгыз байланыштуу экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан биздин алдыбызда жарандардын экология жаатындагы бардык иш-аракетин укуктук жолго салуу милдети турат”,- деди депутат.

Бекешев бардык талаш маселелер мыйзам жолунда чечилиши керектигин кошумчалады. “Мисалы, кен байлыктарды иштетүүдө коомчулук өкүлдөрүн анын кесепеттери менен пайдалуу жактары тууралуу алдын ала маалымдар кылуу менен, чечимдерди кабыл алуу жүрүмүнө тартуу зарыл. Маселени жол тосуу, инвесторду коркутуу менен чечүү – элдин укуктук жактан сабатсыздыгы,- дейт Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: