Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты
Бишкек-Ош унаа жолунун Ош багытына кеткен жолдун 531-чакырымында 4-декабрь күнү саат 07:30 чамасында жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны 26 жаштагы Базар-Коргондун Бактыбек аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Ал өз тилкесинен чыгып, каршысында келаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Оор жаракаттардан улам ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы айдоочусу аймактык ооруканадан каза болду. Учурда бул иш боюнча чогултулган материалдар жергиликтүү тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.