Орусияда кыргыз мигранттарынын жашоосундагы диний фактор талкууланды



Москва шаарында КРнын Орусиядагы элчилигинин демилгеси менен кыргыз мигранттарынын жашоосундагы диний фактор талкууланды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы 5-декабрда билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, иш-чарага КР ИИМинин Орусиядагы өкүлү, Кыргызстандагы Дин башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлү, кыргыз диаспорасынын активдери катышышты.
Тегерек столдо кыргызстандыктардын Орусияда жүргөндө диний керектөөлөрүнө көмөк көрсөтүү, исламий экстремисттик маанайдагы маселелер талкууга алынды.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлдөрү айрым кыргызстандыктардын диний сабатсыздыгынын себеби радикалдардын пропагандасынын активдүүлүгү, маалыматтын жетишсиздигинен экенин белгилеп өтүштү. Катышуучулар Кыргызстан менен Орусиянын диний институттарын бирге иш алып барууга чакырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.